Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

Лахдар Брахими Сирияга барды

Бириккен улуттар уюмунун жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими мусулмандардын алдыдагы ыйык майрамы - Курман айт күндөрү ок атышууну убактылуу токтотуу демилгеси менен Дамаскка барды. Ал Сириянын тышкы иштер министри жана президент Башар Асад менен жолугушары күтүлүүдө. Курман айтта жаатташкандарды элдештирүү долбоорун Түркия, Египет жана Германия колдоого алды. Анткен менен өкмөттүк күчтөр Маарет ал-Нуман шаарында козголоңчуларды аткылоосун токтото элек деген маалыматтар бар.

Кечээ Сириянын түндүк-батышында өкмөттүк күчтөрдүн абадан урган соккусунан Маарет ал-Нурман шаарында 49 адам набыт болду, алардын 23ү - балдар. Дээрлик он күндөн бери козголоңчулар көзөмөлгө алган бул шаарды армия бери дегенде он ирет бомбалады, анда турак үйлөр менен кошо аялдар жана балдар жашынган мечит талкаланды. Сириялык укук коргоочулардын айтымында бейшемби күнү окко учкандардын саны 135 адамга жетти.
XS
SM
MD
LG