Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө жашаган Баатыр энелер, аксакалдар жана жаштар тобу камакта жаткан депутат Камчыбек Ташиевди ачкачылык акциясын токтотуп, ден соолугунун камын көрүүгө чакырышты. Бул тууралуу Ташиевдин коомдук жардамчысы Апсатар Паязов билдирди. Анын айтымында, Камчыбек Ташиевдин бошотулушун талап кылган 25 чакты аялдын ачкачылык акциясы Жалал-Абад облустук администрациянын алдындагы төрт боз үйдүн биринде уланууда.
“Ата Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деп айып менен 3-октябрда камакка алынган. (YA)
“Ата Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деп айып менен 3-октябрда камакка алынган. (YA)