Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Палестинада жергиликтүү шайлоо өтүп жатат


Бирок анда Иордандын Батыш жээгинде жашаган палестиндер гана добуш беришүүдө. Ал эми 2007-жылдан бери Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылы бул аймакта шайлоо өтүшүнө жол берген жок. Атүгүл ХАМАСтын Иордандын Батыш жээгиндеги жактоочулары да добуш берүүнү бойкоттошууда.

Палестин президенти Махмуд Аббас жергиликтүү шайлоо өтөрүн жыл башында эле жарыялаган. Ал бул саясий өнөктүк аркылуу өзүнүн жана Фатах партиясынын палестиндер арасындагы кадыр-баркын көтөрүүгө үмүттөнүүдө.

Аббастын эл арасындагы бедели түшүүсүнө ХАМАС кыймылы менен ажырымды жөндөй албаганы, экономиканын төмөндөшү, Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү туңгуюк өбөлгө берүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG