Бүгүн расмий маалымдалгандай, түштүктөгү Гильменд провинциясынынын Гирешк районунда алты ооган полицейинин өлүмү - ооган коопсуздук күчтөрүнүн ичиндегилер жергиликтүү же чет элдик кесиптештерин бутага алган учурлардын соңкусу. Бул окуя ушул бейшембиде болгон.
Провинция губернаторунун кеңсеси тараткан билдирүүгө караганда, полиция офицери жана ашпозчу адегенде эки кесиптешин ууландырса, мунун артынан кол салган согушкерлер калган төртөөнү жок кылышты.
Ууландырууга катышкан полиция офицери качып бара жаткан кезде кармалса, ашпозчу кутулуп кетүүгө үлгүргөн. (UE)