Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Улуттар уюмунун чабарманы Сирияда жүрөт


Лахдар Брахими бүгүн Дамаскта Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муалем менен кездешти. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы азырынча белгисиз.

Дамасктагы сапарын утурлай Брахими Сирияда каршылашып жаткан тараптарга алдыдагы Курман айт күндөрү ок атышууну токтотууну сунуш кылган.

Сирия өкмөтү бул сунушка этият мамилесин билдирип, козголоңчулар ок атышууну бир учурда токтото ала тургандыгы тууралуу кепилдикти ишара кылган.

Брахминин ишениминде, Айт күндөрү ок атышуунун токтошу Сириянын 20 айга аяк баскан куралдуу жаңжалын саясий жол менен жөндөөнү көздөй аз да болсо оң кадам болмок.

Атайын чабарман Сириядагы сапары учурунда бийликтин эле эмес, оппозициянын өкүлдөрү менен да кездешет.

Кечээ БУУ жана Араб лигасы баш катчы Пан Ги Мундун атынан биргелешкен билдирүү жасап, Брахминин ок атышууну токтотуу аракеттерин кубаттаган. Ок атышууну токтотуу сунушун АКШ да колдогон. (UE)

XS
SM
MD
LG