Бүгүн Бишкектеги Кино үйүндө жергиликтүү режиссерлордун 18 тасмасы улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгына талапкер катары калыстардын жана көрүүчүлөрдүн сынына коюлуп жатат.
Ушул жылы белгилүү режиссерлор Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Садык Шер-Нияз, Таалайбек Кулмендеев, Темир Бирназаров улуттук “Ак илбирс” сыйлыгын уюштуруп жатышат. Сыйлыкка сунушталган 40 фильмдин ичинен 18и тандалып алынган. Кароого коюлган тасмаларга 20 чакты киночулар жана 10 чакты ЖМК өкүлдөрү өз баасын берет.
“Кыргызфильм” киностудиясынын башкы директору Таалайбек Кулмендеев аталган сыйлыкты кыргыздын “Оскары” кылабыз деген тилегин билдирди:
- Жеңүүчүнү аныктоону биз юридикалык компанияларга тапшырганбыз. Алар ким жеңгени тууралуу бизге салтанаттуу азем учурунда гана айтышат. Рейтингдик системада аныкташат. Башкача айтканда “Оскардын” тандоо системасын колдондук.
Кино жаатында жылына бир жолу тапшырылчу сыйлык уюштуруучлар тарабынан каржыланат. (AKu)