Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:50

Орусияда оппозициянын Координациялык кеңешин шайлоодо

Шайлоону колдоо максатында оппозициянын жүздөгөн жактоочулары бүгүн Москванын Трубной аянтына жыйналышты.

Митинг Координациялык кеңештин 45 мүчөсүн интернет аркылуу шайлоо аракети хаккерлердин чабуулунан улам убактылуу үзүгүлтүккө учураган кезде өттү.

Оппозициячыл “Солчул фронттун” координатору Сергей Удальцов бул саясий өнөктүктүн мааниси тууралуу:

-Бул - реалдуу демократияны колдоо акциясы, жарандардын өзү тарабынан адилет жана эркин шайлоону өткөрүү аракети. Бул - уникалдуу көрүнүш. Жарандар мамлекетсиз, бийликсиз эле жаңы технологияны колдонуу менен шайлоо уюштурушууда.

Удальцовдун айтымында, Координациялык кеңештин максаты – оппозициянын бийликке коюлуучу талаптарын конкреттештирүү.

Координациялык кеңештеги 45 орунга 200дөй адам талаптанууда. Бүгүнкү митингде абактагы саясий айыпкерлерди бошотуу чакырыктары да айтылды. (UE)
XS
SM
MD
LG