Муну менен полиция азери оппозициясынын жаштар уюмдары борбордо митинг өткөрүшүнө мүмкүндүк берген жок.
Мусават жана Элдик фронт оппозициячыл партияларынын жаш канаттары чогулткан демонстранттар өлкө парламентин таркатууга чакырык ташташкан эле.
Нааразылык акциясы жакында шардана болгон видеотасмадан улам жаңжал чыккан учурда өттү. Анда бийликтеги партиянын депутаты 1,3 миллион доллар пара үчүн депутаттык орун берилерине кепил өтүп жаткан учур тартылган.
Азери Ички иштер министрлиги кечээги митинг аракетинин артынан эч кандай комментарий берген жок. Оппозициянын ырастоосунда, кеминде 55 киши кармалган.
(UE)