Бул тууралуу "Азаттыкка" Лейлек районунун акимчилик өкүлү Эрмек Бахавадинов билдирди. Анын айтымында, Тажикстан менен чектеш аймакты сактап калуу максатында түптөлгөн Максат айылында 149 кожолук бар. Бул айылдын башкы көйгөйү орто мектептин жоктугу экени айтылып келет. Ошондуктан бюджеттен 47 млн. сом бөлүнүп, жаңы типтеги мектеп имаратынын курулуш иштери башталды. Аталган мектеп кийинки окуу жылы ачылары пландалып жатат. Ал эми азыркы башталгыч класстар билим алган мектеп имараты балдар бакчасына берилет.
Мындан тышкары Лейлек районунда сугат суу жана ичиле турган суу маселесин чечүү үчүн 34 млн. сом бөлүндү. (JsA)
Мындан тышкары Лейлек районунда сугат суу жана ичиле турган суу маселесин чечүү үчүн 34 млн. сом бөлүндү. (JsA)