Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Ош - Жалал-Абад жолунда 5 адам мерт кетти

20-октябрь күнү таңкы саат жетилерде Сузак районундагы жол кырсыгында 5 адам каза болду. Оштон Жалал-Абадга келаткан микроавтобустун айдоочусу унааны башкаралбай калганы айтылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн билдиришти. Унаанын айдоочусу Захирдин Кутминов, жүргүнчү Хамида Ибрагимова Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген. Каза болгондор - Ноокен районун Бүргөндү айылынын тургундары 1982-жылы туулган Шахноза Адашова, 1975-жылы туулган Малахат Адашова, 1966-жылы туулган Гүлмира Баймирзаева, Майлы-Суу шаарынын тургуну 1954-жылы туулган Салкынай Бакиева жана 1955-жылы туулган Ноокен районунун Жеңиш айылынын тургуну Анаркан Турдалиеванын сөөгү жакындарына берилди. (AKu)
XS
SM
MD
LG