Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

АКШнын Иран менен көзмө-көз сүйлөшүү планы жок


Ак үй “Нью-Йорк Таймс” гезитинин Обама администрациясы Иран менен өзөктүк программасы боюнча көзмө-көз сүйлөшүүгө макул болду деген маалыматын төгүндөдү.

Улуттук rоопсуздук боюнча кеңештин басма сөз катчысы Томми Витордун айтымында, АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жана Германия менен иштөөнү улантат. Бирок Ак үй өкүлү АКШ Иран менен эки тараптуу жолугушууга да даярдыгын кошумчалады.

“Нью-Йорк Таймс” гезити кийинчерээк баштапкы кабарына түзөтүү киргизип, алар айткан макулдашуу принцибинде болгонун маалымдады.

Жогорудагы кабар АКШ президенти Барак Обама республикачыл атаандашы Митт Ромни менен тышкы саясаттын маселелери боюнча телетаймашта беттешерден эки күн мурда чыгып отурат. (UE)

XS
SM
MD
LG