Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:36

Камчыбек Ташиев тамак иче баштады


Камактагы депутат Камчыбек Ташиев 20-октябрь кечтен тарта ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

- Тарапкерлеринин, аксакалдардын, ар кандай уюмдардын өтүнүчү менен ачкачылыгын токтотту. Ошондой эле дарыгерлер да өлүп калбаш үчүн кыстап тамак берүүгө аракет кылып жатышкан. Бир нече күн кургак ачкачылык кармагандыктан азыр өтө аздан жеп жатат.

Камчыбек Ташиев 16-октябрдан бери кургак ачкачылык кармап, ал тууралуу 17-октябрда жарыялаган. 19-октябрдан тарта суу иче баштаган болчу. Депутат азыр УКМКнын медициналык мекмесинде жатат.

Икрамидин Айткулов анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү Башкы прокуратурадан өтүнөөрүн билдирген.

“Ата Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен камалган. Анын партиялаштары Талант Мамытов жана Садыр Жапаров да 3-октябрда Ак үйдүн алдындагы тополоңдогу кылмышка шектелип, эки айга камакка алынган. (AKu)

XS
SM
MD
LG