Лахдар Брахими Дамаскта кечээ башталган сапарын утурлай Сирияда каршылашкан тараптарды 26-октябрда башталуучу Курман айт учурунда төрт күн ок атышууну токтотууга чакырган.
Көпчүлүк өлкөлөр, анын ичинде Иран, Ирак, Түркия, Германия бул демилгени колдогон, маселе эми Сирия өкмөтү менен козголоңчуларында калды.
БУУ чабарманы ок атышууну токтотуу чакырыгын бүгүн президент Асад менен жолугуп чыккан соң да жасады:
- Биз буга тынч жана куралдуу оппозициянын өлкө ичиндеги да, сыртындагы да лидерлерин чакырганбыз. Ага оң жооп алдык. Оппозициянын өлкө сыртында биз жолуккан мүчөлөрү, коңшу өлкөлөрдүн расмий адамдары бул жакшы демилге экендигин айтышты. Алардын баары колдоду жана кабыл алды.
Брахими кошумчалагандай, эгер ок атышуу Айт күндөрү токтосо, бул андан ары ишеним жаратуу аракетине пайдубал болмок.
Бул аралыкта бүгүн борбор Дамасктын эски, негизинен христиан азчылыгы жашаган бөлүгүндө жардыруу болду.
Өкмөтчүл телеканалдын кабарына караганда, андан кеминде жети киши каза таап, бир канча адам жаракат алды. (UE)