Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

Ливанда аза күткөн демонстранттар полиция менен кагылышты


Бейрутта өкмөт имаратына чабуул жасоого аракеттенген жүздөгөн демонстранттарды таратуу үчүн полиция асманга ок атып, аларга каршы көздөн жаш агуучу газ колдонду.

Кагылышуу ушул жума күнү Бейруттагы жардыруудан мерт болгон генерал Виссам ал- Хассанды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү учурунда болду.

Өлкөнүн ички чалгын кызматынын жетекчилеринин биринин өлүмүн көптөр коңшу Сириянын бийликтеринен көрүүдө.

Өкмөт үйүнүн тосмолорунан секирип өтүп, полиция менен кагылышкан демонстранттар Ливандын премьер-министри Нажиб Микатинин кызматтан чегинүүсүн талап кылышты.

Алар өкмөттү Сирияга жана анын Ливандагы өнөктөшү, шийиттердин “Хезболла” тобуна жакын деп айыптоодо.

Премьер-министр болсо кызматтан чегинүүүгө даярдыгын, бирок андан кызматтык милдетин аткарууну улантууну өлкө президенти суранганын билдирүүдө.

Сириядагы жаңжал Ливандагы кырдаалды да бир топ чыңалтты. Өлкөдөгү суннит мусулмандар сириялык козголоңчуларды колдосо, шийиттер президент Асадды жакташат. (UE)

XS
SM
MD
LG