"Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастро тирүү", - деп билдирди Венесуэланын экс- вице-президенти Элиас Хауа дем алышта Кубага барып келгенден кийин. Бир нече күндөн бери 86 жаштагы Кастронун абалы өтө оор деген имиштер айтылып келатат. Хауа ишемби күнкү жолугушуудан кийин Кастро аны бейтапканадан өзү узатып чыкканын кошумчалады.
“Темир Фиделдин” саламаттыгынын айланасында көптөн бери ар кандай спекуляциялар айтылып жүрөт, бирок ал шериги - Венесуэланын президенти Уго Чавести 7-октябрда кайра шайланышы менен куттуктабай калгандан кийин айың кептер ого бетер күчөгөн. Куба революциясынын лидери март айынан бери калың эл алдына чыга элек болчу.
Кастро ошондой эле июндан бери өлкөдөгү жана дүйнөдөгү окуялар боюнча ой-пикирлерин жазууну токтотуп койгон.