АКШда мурдагы сенатор, 1972-жылы Демпартиянын атынан президенттик жарышка чыккан Жорж МакГоверн 90 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү кабарлады. Маркум Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда АКШ Аба күчтөрүнүн пилоту болгон. МакГоверн Сенатка 1962-жылы шайланган. Ал Вьетнам согушуна каршы чыккан саясатчы катары белгилүү болчу.
1972-жылы президент Ричард Никсон менен мамлекет башчылык үчүн ат салышып, бирок утулуп калган. 1980-жылга чейин сенатор болуп турду, кийин БУУнун Азык-Түлүк жана Айыл-чарба агенттигинде элчи кызматын аркалаган (1998-2001).