Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Бишкек шаар соту Жапаров жана Кожоналиевдин баш коргоо чарасын карайт


Бүгүн “Ата-Журт” фракциясынын камактагы лидери Садыр Жапаров менен коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралат. Мындай арыз менен шаардык сотко айыпталуучулардын адвокаттары кайрылган.

Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн айыпталган депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өткөн аптада шаардык сот карап, бирок адвокаттарынын арызын канааттандырган эмес.

Учурда Садыр Жапаров УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ал эми Кожоналиевдин саламаттыгы начарлаганына байланыштуу өткөн аптада Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдөгү тарапкерлери шаардык сот депутатты үй камагына чыгарбаса, Бишкекке жөө жүрүш жасай турганын билдиришүүдө.

3-октябрда баш калаадагы борбордук аянтта Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча өткөрүлгөн митингден кийин тополоң чыгып, депутат Камчыбек Ташиев баштаган бир канча адам Ак үйгө кирип барууга аракет кылган. Андан кийин митингди уюштурган “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов жана коомдук ишмерлер Кубатбек Кожоналиев, Салмоорбек Дыйканов “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген беренелердин негизинде эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG