Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында, Кылмыш-жазык кодексинде айыпталуучунун саламаттыгына байланыштуу Башкы прокуратура соттун чечимисиз эле үй камагына чыгарууга укугу бар. Мына ушул мыйзамга ылайык, Айткулов депутатты үй камагына чыгарууга өтүнүч келтирет.
Адвокат саламаттыгы начарлагандыктан, Камчыбек Ташиев ачкачылык кармоону токтотуп, кечээтен тарта дарыгерлердин жана тарапкерлердин сунушу менен тамак иче баштаганын маалымдады. Бирок дагы да болсо УКМКнын медициналык мекемесинде дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Буга чейин Икрамидин Айткулов Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, анда шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун депутатты эки ай мөөнөттө УКМКнын тергөө абагында камоо чечимин өзгөрүүсүз калтырган.
Ошол эле мезгилде Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин 30 тарапкери ачкачылык акциясын улантууда. Алар камактагы “Ата Журт” партиясынын лидери бошотулмайын акция улана берээрин билдирип жатышат.
“Ата Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен камалган. Анын партиялаштары Талант Мамытов жана Садыр Жапаров да 3-октябрда Ак үйдүн алдындагы тополоңдогу кылмышка шектелип, эки айга камакка алынган.(BkA\YA)