Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:21

Жарандык коом Ниязалиеванын комитет жетекчиси болушуна каршы


Социалдык коргоо тармагын реформалоо демилгесин көтөргөн жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин башында депутат Дамира Ниязалиева болушуна каршы билдирүү таратышты. Алар ири өлчөмдөгү дары-дармек сатып алуулар, оорукана жана интернаттар социалдык тармакка кирерин, бирок ушундай эле бизнеси бар Дамира Ниязалиева муну көзөмөлдөп жатканын белгилешкен. Мындан улам жарандык коомдун өкүлдөрү кызыкчылыктар кагылышын кыскартууну өтүнүшөт.

Алар мындай демилге Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшү жана Жогорку Кеңештин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын билдиришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG