Бүгүн Бишкек шаардык соту "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаты Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын карап, Биринчи май райондук сотунун 5-октябрда чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Депутаттын адвокаты Токтогул Абдиев соттун мындай чечимин туура эмес көрүп, жогорку инстанцияларга кайрыларын билдирди. Ал эми Жапаровду коргоо комитети кийинки кадамдар кандай болорун бүгүн талкуулашат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган комитеттин төрагасы Кеңеш Жумабаев кабарлады. Соттун алдына чогулган депутаттын тарапкерлери тарап кетишти.
3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен "Ата-Журттун" үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 5-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Мындай чечимге каршы болгон айыпталуучу тараптын адвокаттары шаардык сотко кайрылган. Эми Бишкек шаардык сотунун чеими боюнча, Жапаров 5-декабрга чейин камакта калмай болду. (КЕ)