Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Кожоналиевдин баш коргоо чарасын кароо жылдырылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кубатбек Кожоналиевдин адвокаты Азиз Турдалиев билдирди. Анын айтымында, Кожоналиевден ден соолугуна байланыштуу тил кат алынып келингенине карабай сот бул ишти кароону 24-октябрга жылдырды. Мамлекеттик айыптоочулар мындай нерсе практикада болбогонун, өзү келиши керектигин билдиришкен. Турдалиев муну мыйзамсыз деп эсептеп жатат.

Кожоналиев 3-октябрда Бишкекте өткөн Кумтөр маселесине арналган митингде бийликти басып алууга аракет жасады делип тергөө абагына камалган. Ал 19-октябрда ден соолугу начарлап, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG