Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Кеминде кытайлык компаниянын жабылышы талап кылынууда


Ушул тапта Кемин районунун Орловка айылынын 200гө чукул тургуну алтын иштеткен Кытай компаниясынын алдында чогулуп турушат. Аталган райондун акими Умар Изабековдун “Азаттыкка” айтымында, чогулгандар компаниянын жабылышын талап кылууда. Азыр митинг тынч өтүүдө, айрым маалымат каражаттары жазгандай кытай ишканасын талкалоо болгон жок. Райондун акими белгилегендей, Кытай ишканасынан сүйлөшүүгө чыккан өкүлдөрдү митингчилер укпай койду.

Чогулгандар кытайлык компания мыйзамсыз, экологияга зыян келтирип иштеп жатканын белгилеп, айрым кыргыз жарандардын иштен алынышына нааразы болушууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG