Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

“Таза шайлоо”: Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактоого кызыкпайт


“Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбаеванын “Азаттыкка” айтымында, шайлоо комиссиянын системалары татаал иштейт жана шайлоочулар өздөрү дагы тизмеден тактоого кызыкпайт. Ошол себептүү жергиликтүү кеңештерге шайлоо маалында көптөрү атайын системага кирбей калган, же эки жерде жазылып калган тургундар өз атын тизмеден таппай калышы мүмкүн. Ушул маселе бүгүн Бишкекте жарандык коом, тиешелүү органдын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды.

25-ноябрда 25 шаардык жана 416 айылдык кеңешке шайлоо өтөт. “Таза шайлоо” ассоциациясы буга чейин жергиликтүү шайлоо комиссиялары берген тизме аркылуу үймө-үй кыдырып, шайлоочулардын пин-кодун текшерген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG