Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Кадамжайда акимди бошотуу боюнча премьердин буйругу четке кагылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кадамжай райондук кеңешинин депутаты Мусабай Момуналиев кабарлады. Анын айтымында, бүгүн депутаттар аталган райондун акими Абдуталип Акимовдун кызматтан бошотулушун талкуулашты. Ага Баткен облустук администрациянын өкүлү Атамбек Ботоев катышып, акимдин кызматтан алыныш себептерин далилдеп бере алган эмес. Ошол себептүү депутаттар өкмөттүн Акимовду кызматтан алуу боюнча токтомун кабыл алган жок. “Акимди биз шайласак. Анан райондук кеңештин депуттарынын макулдугу жок эле булар буйрукту жазып койгон”, - дейт Момуналиев.

Ушул эле маселеге байланыштуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова "республикачы" акимдер кызматтан айдала баштаганын” айтып, билдирүү таратты. Анын айтымында, жергиликтүү эл акимдин кызматтан алынышына нааразы болушууда. Алар Акимов "Республика" партиясынан болгону үчүн боштулганын белгилешкен. Өкмөттөн буга байланыштуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев аталган райондун башчысы Акимовду кызматтан алуу буйругун 19-октябрда чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG