Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:18

Талоончулук боюнча депутаттык комиссия ИИМдин маалыматын укту


Талоончулук боюнча депутаттар арасында түшүнбөстүктөр болуп жатканын “Азаттыкка” 2010-жылдагы апрель окуяларындагы талап-тоноону иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов кабарлады. Анын айтымында, түшүнбөстүктөр комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда болууда. Бүгүн аталган комиссия жыйынга чогулуп, ички иштер министри Зарылбек Рысалиев жана башкы тергөө башкармалыгынан маалыматтар угулду. Анда Рысалиев талап-тоноо боюнча иликтөө ишин аягына чыгарарын убада кылды.

2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулукка шектелип камакка алынган Абдулла Юсупов өткөн айда аталган кылмышка “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарынын катыштыгы бар экенин айтып чыккан. Андан кийин бул фактыны териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Жакында комиссия мүчөлөрү Жалал-Абадга барып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүн өрттөөгө "Ата Мекендин" тиешеси бар-жогу тууралуу жергиликтүү тургундардын пикирин угуп келген. Өткөн апта соңунда комиссия жыйынында "республикачы" жана "атамекенчи" депутаттар кер-мур айтыша кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG