Эки жылга түрмөгө кесилген кыздардын адвокаты Марк Фейгин Мария Алехина менен Надежда Толоконникова колонияга жазасын өтөөгө жиберилгенин билдирди.
"Интерфакс" агенттигине Фейгин Москвадагы убактылуу абактын администрациясы кыздар колонияга жиберилгенин тастыктаганын билдирген. "Твиттер" желесинде тараган маалыматта Мария Алехина Перм облусуна, Надежда Толоконникова Мордовиядагы колонияга жиберилгени тууралуу кабарлар тарады. Укук коргоочулар болсо эки кыздын алыскы колонияларга айдалышын "коркутуу акциясы" деп баалашууда.
Pussy Riot тобунун 3 кызы Моквадагы Христос Коргоочунун храмында президент Путинди сындап ырдагандыгы үчүн камакка алынып, кийинчерээк алардын бири Екатерина Самуцевичтин жазасы 2 жыл шарттуу түрдөгү кесим менен өзгөргөн.