Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Орусия-Украина президенттери газ келишимин талкуулашты


Президенттер жолугушууда газ келишимине өзгөчө көңүл бурушту.
Президенттер жолугушууда газ келишимине өзгөчө көңүл бурушту.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясында өткөн жолугушууда газ темасы башкы маселе болгонун украин президенти Виктор Янукович журналисттерге билдирди. “Украина газ боюнча “акыйкат” баада келишим түзүүнү көздөйт”, - деди Янукович. Бирок жолугушуунун жыйынтыгында газ боюнча конкреттүү келишимге кол коюлган жок. Путин эки өлкөнүн соодадагы товар айлантуусу дагы өсөөрүнө ишенээрин айтты.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, президенттердин жолугушуусунда камакка алынган оппозиционер Леонид Развозжаев тууралуу сөз болгон жок. Оппозиционерлер тараткан видеотасмада Развозжаевди орусиялык коопсуздук кызматкерлери Киевде кармап, анан Орусияга алып келишкен.

XS
SM
MD
LG