Улуттук Географиялык коомунун (National Geographic Society) архивдеги тарыхый жана азыркы сүрөттөрү биринчи жолу аукциондо сатылат. 6-декабрда сатыла турган 240 сүрөт 3 миллион доллардай кирише алып келээри күтлүүдө. Аукцион коомдун 125 жылдыгы алдында өткөрүлмөкчү. Ага 1800-жылдан бери тартылган сүрөттөр, иллюстрациялар коюлат. Коом илимий экспедицияларды, археологиялык казууларды, жапайы табиятты, дүйнө маданияттарын изилдөө менен алектенет. Анын өз журналы, телеканалы, китептери бар.