Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:46

Исландияда "элдик конституция" жазылат

Исландияда жаңы конституциянын долбоору боюнча референдумдун жыйынтыгы чыкты. Долбоорду жазууга атайын комитетке катардагы 25 жаран тандалып алынган.
Социалдык түйүндөр акылуу түшкөн сунуштарды камтыган долбоор жаңы баш мыйзамдын пайдубалы болсун деп шайлоочулардын 66 проценти жооп берсе, 34 процентине жакыны каршылыгын билдиришти.

Исландиянын премьер-министри реферундумдун жыйынтыгын “демократиялык өнүгүүнүн кызыкчылыгындагы ири жеңиш” деп атады.

Буга чейинки конституция 1944-жылы жазылган. Аны кайра карап чыгуу чакырыктары 2008-жылы, Исландия ири экономикалык кризиске кабылганда күчөгөн. Долбоор парламент тарабынан жактырылууга тийиш.
​
XS
SM
MD
LG