Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Токтонасыров Орусия элчилигинин алдына акцияга чыгат


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги алдындагы бүгүнкү акцияда Санкт-Петербургда борборазиялык мигранттарга арналып чыккан китепчеге нааразылыгын билдирет. Анда Токтонасыров мигранттарды шыпыргы, валик, кисточка сыяктуу аспаптар катары көрсөтүп китепче чыгарган Санкт-Петербург шаар бийлигинин кечирим сурашынын талап кылат. Укук коргоочунун айтымында, мындай жол менен орусиялык бийликтер мигранттарды келекелеп, ар-намысына шек келтирген.

“Эмгек мигранттын сурап-билүү китепчеси” деп аталган китепче Санкт-Петергбург шаар бийликтеринин колдоосунда Орусиялык «Взгляд в будущее» уюму тарабынан басылып чыккан. Анда мигранттардын Орусияга кирүү, чек арадан өтүү жана иш табуу иш эрежелерин түшүндүрүп, андагы мигранттардын образы шыпыргы, валик, кисточка аркылуу берилген. Буга нааразы болгон Тажикстандын миграция кызматы орус бийликтеринен китепчини таратууга тыюу салууну өтүндү.

XS
SM
MD
LG