Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

БУУ Иранда өлүм жазасына тартылгандардын көбөйүшүнө кабатыр


БУУ Иранда өлүм жазасынын дагы да болсо колдонулуп жатканына кабатырланды. Улуттар уюмунун маалыматына караганда, акыркы эле сегиз ай ичинде өлкөдө 300гө жакын адам өлүм жазасына тартылган.

БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Ахмед Шахин Нью-Йоркто дүйшөмбүдө жасаган докладында, жыл сайын жүздөгөн адам мындай жазага тартылып жатканын билдирди. Анын маалыматында, 2011-жылы 670 адам бул оор жазага кириптер болгон.

Ошондой эле Шахиндин айтымында, Иранда түрмөлөрдөгү кармоо шарттары жылдан-жылга начарлап жатат. Айрыкча мындай абалга диний, этностук азчылыктардын өкүлдөрү дуушар болууда.

XS
SM
MD
LG