Бүгүн Токмокто 2008-жылы авиакырсыктан каза болгон Кыргызстандын баскетбол боюнча жаштар курама командасынын оюнчуларынын элесине арналган эл аралык турнир башталат. Төртүнчү жолу өтүп жаткан турнирге Казакстандан жана өлкөнүн бардык аймактарынын 14-16 жаштагы баскетболчулар катышат.
Уюштуруучулардын маалымдашынча, турнир эл аралык мелдешке бара жатып каза болгон жаш баскетболчуларды эскерүү жана баскетболду өлкөдө жайылтуу максатын көздөйт.
2008-жылы 24-августта “Манас” аэропортуна жакын жерде “Боинг-737” учагы кырсыкка учурап, 70 адам каза болгон. Каза болгондор арасында Тегеранга эл аралык мелдешке катышуу үчүн бара жаткан баскетбол боюнча жаштар курама командасынын директору Олег Кутилов, калыс Назар Кубатов жана оюнчулар Иван Макарчук, Ринат Исханов Эмил Кожомкулов, Мамат Абдрахман, Билгиз Ибраимов, Эсен Касымалиев болгон.(BkA)