Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

БУУ Кыргызстанга 30 млн. доллар бөлөт


Бул каражат ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүүгө жумшалат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Бириккен улуттар уюумуна кошулушунун 20 жылдыгына арналган маалымат жыйында аталган уююмдун өлкөдөгү координатору Александр Аванесов билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстанда саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында олуттуу маселелер бар. Ал мисал катары өлкөдө ВИЧ/СПИДдин жайылышын белгиледи. Мындан сырткары Аванесов кургак учукка каршы кошумча гранттык негизде 12 млн. доллар бөлүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Буга чейин Баш прокуратура СПИД, кургак учук жана безгекке каршы Глобалдык фонддон Кыргызстанга тийген 34 миллион 890 миң доллардын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органынан маалымдашкандай, Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, грант түрүндө берилген акчанын бир бөлүгү айлык акыга, унаа сатып алууга жумшалганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG