Бул тууралуу “Азаттыкка” Кемин районундук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Жумгал Дүйшөбаев кабарлады. Анын айтымында, Кытайлык “Алтынкен” компаниясынын тегерегиндеги маселе өкмөттүк деңгээлде чечилет. Ал эми жергиликтүү тургундардын талаптары аткарылмайынча компания убактылуу иштебей турат. Анын 255 кытайлык кызматкерлери кечээ кечинде аталган аймактан көчүрүлүп кетти. Азыр Кеминде кырдаал тынч, “Алтынкен” компаниясын болсо коопсуздук кызматы кайтарууда.
Кечээ, 23-октябрда аталган айылдын 200гө жакын тургуну алтын иштеткен Кытай компаниясынын алдында чогулган. Алар кытайлык компания мыйзамсыз, экологияга зыян келтирип иштеп жатканын белгилеп, айрым кыргыз жарандардын иштен алынышына нааразылык билдирген. Ошондой эле компаниянын жабылышын талап кылып, боз үй тигишкен.
Кытайлык “Алтынкен” компаниясы азыр бул жерде кен казууга даярдык иштерин гана көрүп жатат. Алтын казууга киришүү 2014-жылга белгиленген. Жумгал Дүйшөбаевдин белгилешинче “Алтынкендин” 40% акциясы Кыргызстанга тиешелүү. Ошондуктан бул маселе эки тараптуу чечилиши керек. (КЕ)