Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун бүгүн маалымат жыйында билдиришинче, КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чек ара коопсуздугу жана абадан коргонуу маселесин талкуулайт. Анын айтымында, КМШ мамлекет башчыларынын жана Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны 1-2-ноябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өтөт. Мындан сырткары жыйында гуманитардык, экономикалык жана экологиялык кызматташууну кеңейтүү маселеси талкууланат. (КЕ)