Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 15 жаштагы секелекти зордуктоого шектелген мугалим кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Оштогу медициналык коллеждин 39 жаштагы С.Р. атуу мугалими 1-курста окуп жаткан 15 жаштагы кызды мажбурлап, көнбөсө окуудан айдайм деген коркутуу менен сексуалдык катнашка барууга аракеттенген. Кылмышка шектүү киши Кыргызстандын жараны. Жабырлануучунун арызынын негизинде аны милиция кызматкерлери бүгүн эртең менен кармашкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. (SE)