Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Cюзан Эллиот: “Манасты” 2014-жылдан кийин пайдалануу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Тажикстан-Орусия ортосунда жакында кол коюлган келишим Вашингтон менен Дүйшөмбү ортосундагы мамилеге зыян этпейт. Бул жөнүндө АКШнын Тажикстандагы жаңы элчиси Сюзан Эллиот билдирди. 5-октябрда түзүлгөн келишим орусиялык аскерлердин Тажикстанда 2042-жылга чейин калуусун мүмкүн кылат.

Эллиот айым 23-октябрда Дүйшөмбүдө өткөргөн тунгуч маалымат жыйынында Тажикстан Кыргызстандын “Манас” транзиттик борборуна альтернатива катары каралбаганын жана транзиттик борборду 2014-жылдан кийин да пайдалануу мүмкүнчүлүгү сүйлөшүлүп жатканын кошумчалады. “Манас” аркылуу Ооганстандагы НАТО аскерлерине күлазык, дары-дармек сыяктуу жүктөр ташылат.

XS
SM
MD
LG