Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:45

Талоончулук боюнча Текебаев менен Шердин маалыматы угулат


2010-жылдагы апрель окуяларындагы талап-тоноону иликтеген депутаттык комиссия келерки аптада Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан шайланган депуттар Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин маалыматын угат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов кабарлады. Комиссия мүчөлөрү депутаттарга бир топ суроо бермекчи. Жыйынга айрым бейөкмөт уюмдар жана аталган окуяга күбө болгондор чакырылат. Буга чейинки жыйындарда ушул эле фракциянын депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райхан Төлөгөновдун маалыматы угулган. Осмонов иликтөө бүткөнчө айрым маалыматтарды ачыктабай турууну туура көрүүдө.

2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулукка шектелип камакка алынган Абдулла Юсупов өткөн айда аталган кылмышка “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарынын катыштыгы бар экенин айтып чыккан. Андан кийин бул фактыны териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG