Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Тажик элчилиги мигранттарды шылдыңдаган китепчени сындады


Тажикстандын Москвадагы элчилиги Орусиядагы эмгек мигранттарына арнап чыгарылган китепчени “бузуку” документ деп атады. Элчиликтин шаршемби күнкү кайрылуусунда Орусиянын тартип сактоо кызматтары “болочокто мындай окуялар кайталанбасы үчүн китепчени жарыялоочулардын жосунсуз жүрүм-турумун кылдат тергейт” деген тилек айтылат.

Китепчеде Борбор азиялык мигранттар балка, шыпыргы, дубал актачу щётка кейпинде сүрөткө тартылып, аларды аэропортто униформачан бажы кызматкерлери жана чек арачылар утурлап алат. Орусиялык адам укугун коргоочулар китепче адамдык нарк-насилди маскаралап-кемсинтет деп сындашты.

XS
SM
MD
LG