Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

12 кен боюнча аукцион 2-ноябрга белгиленди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Каныбек Конокбаев билдирди. Анын айтымында, аукционго жергиликтүү жана чет элдик 43 компания катышат. Мурдагылардан үчөө баш тартты. Азыр акционду өткөрүү комиссиясы даярдыктарды көрүүдө. Аукционго коюлуп жаткан 12 кендин ичинен Чаткалдагы Башкы-Терек алтын кени жана Жумгалдагы Акулак көмүр кени казууга, калгандары изилдөөгө берилет.

Ушул жылдын 28-августунда кендер боюнча өткөрүлүп жаткан аукцион жарандык коомдун айрым өкүлдөрү тарабынан үзгүлтүккө учураган. Алар түз эфирдеги аукционду токтотушкан болчу. 12 кен үчүн Түркия, Орусия, Польша жана Кытайдын 48 компаниясынан арыз түшкөн. Кендер өткөн жылы тоо-кен тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүнүн негизинде аукционго коюлган. Ага чейин эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу иштетүүгө берилчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG