Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов кабарлады. Анын айтымында, быйыл электр энергиясына болгон лимит сакталат. Бирок маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Учурда электр линияларында ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Ремонт иштери декабрь айына чейин болот. Ошого байланыштуу айрым жерлерде электр энергиясы өчүрүлөт. Быйыл 35 киловольттук трансформаторлор алмаштырылып, подстанцияларда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда Бишкектин айрым жаңы конушунун тургундары күн сайын эки-үч саатка электр энергиясынын өчүрүлүп жатканын айтып, нааразы болушууда. (КЕ)
Ошол эле учурда Бишкектин айрым жаңы конушунун тургундары күн сайын эки-үч саатка электр энергиясынын өчүрүлүп жатканын айтып, нааразы болушууда. (КЕ)