Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

АКШ: президентке талапкерлер Иранды жемелеп, Израилди коргоду


Кечээ түнү АКШ президенти Барак Обама жана анын республикачыл-атаандашы Митт Ромнинин үчүнчү телеэрөөлү болду. Теледебат Флорида штатынын Бока-Ратон шаарчасында өттү. Сырткы саясатка арналган финалдык дебатта эки талапкер тең Израилди коргойбуз деп сөз берип, Иранды ядролук куралдуу болгонго ынтылбаганга үндөдү. Барак Обама:"... мен Кошмо Штаттардын президенти болуп турганда, Иран ядролук куралдуу болбойт. Мен муну кызматка отурганда ачык айткам. Биз кубаттуу коалиция түзүп, Иранга каршы тарыхтагы эң күчтүү санкцияны уюштурдук. Бул алардын экономикасын алсыратты... Биз бул кадамга ядролук куралдуу Иран биздин улуттук кызыкчылыгыбызга коркунуч туудурган үчүн бардык. Бул Израилдин улуттук коопсуздугу үчүн коркунучтуу".

Митт Ромни болсо, президент эмнеге макул, эмнеге ынанбаганын башынан ачык айтып, өзүн айбат көрсөтүүсү табигый көрүнүш экенине токтолуп: “Ирандын ядролук программасына биз макул боло албайбыз. Алар ядролук кубатын өстүрбөш керек”, -деди.

Эки талапкер 2014-жылы Ооганстандан АКШ аскерлерин чыгарууну колдоп, Пакистан-АКШ алакасы осолдоп кеткенин ырасташты.

XS
SM
MD
LG