Москвада аялды тономок болгон Кыргызстандын эки жараны кармалды. ИТАР ТАСС агенттигинин Москва полициясына шилтеп кабарлашынча, күзөттөгү полиция кызматкерлери Дмитров шоссесиндеги 169-үйдүн жанынан жардам сурап кайрылган аялдын үнүн угуп, жетип келген. Түнкү каракчылардын бири кылмыш болгон жерде кармалып, экинчисин милиция асманга ок атып жатып колго түшүргөн. Биринин колунда бычагы болгону айтылат. Азыр алардын башка да кылмыштарга тиешеси бар же жогу тергелүүдө. (AU)