Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:59

Сирия армиясы кайрадан Түркияны аткылады


Бүгүн Сириянын абадан коргонуу күчтөрү аткан снаряд Түркиянын территориясындагы медициналык консультация борборуна тийди. Жабыркагандар жөнүндө маалымат жок. Түркиянын маалымат каражаттарынын билдиришинче, снаряд Хатай провинциясындагы Рейханлы районуна түшкөн. Сирия-Түркия мамилеси 3-октябрда Сириянын артиллерия күчтөрү аткан снаряддан чек арага чукул Акчакале шаарында беш түрк жаран набыт болгондон кийин өтө курчуп кетти. Анкара Сирия менен чектеш 900 чакырым аралыкка кошумча аскер жайгаштырды. Сирия тараптан Түркияга ок атылса эле, түрк армиясы жообун берүүдө.

XS
SM
MD
LG