Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Дума "чыккынчылыктын" аныктамасын кеңейткен беренени жактырды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы “мамлекеттик чыккынчылык” деген түшүнктү кеңейткен жаңы беренени жактырды. Сынчылар жана укук коргоочулар Кылмыш кодексине киргизилип жаткан бул түзөтүү Кремлдин оппоненттерин куугунтуктоо куралы болуп калат деп чочулашат. Азыркы мыйзамда чыккынчылык деп “тыңчылык жана Орусиянын коопсуздугуна зыян келтирүүчү купуя маалыматты башка өлкөлөргө өтөрүп берүү аракеттерин” мүнөздөйт. Муну менен катар эми чыккынчылык деген түшүнүккө “Орусиянын конституциялык түзүлүшүнө, суверенитетине, аймактык жана мамлекеттик бүтүндүгүнө шек келтирген кадамдар” камтылат.

Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан түзүлгөн долбоордо ошондой эле
“башка мамлекетке, эл аралык же чет өлкөлүк уюмга Орус федерациясынын коопсуздугуна каршы келген аракеттеринде финансылык, материалдык, техникалык же консультациялык жардам берүү үчүн” кылмыш жообуна тартуу каралган. Алымча-кошумчалар эми парламенттин Жогорку палатасы тарабынан жактырылып, президенттин кол коюусуна жиберилмекчи.

 

XS
SM
MD
LG