3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасады деп айыпталган депутаттар тергөөгө таасирин тийгизбеши үчүн тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев билдирди.
Жээналиевдин айтымында, камактагы депутаттар өз макамынан пайдаланып, тергөөнүн жүрүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болчу.
- Булар үлкөн саясатчылар, депутаттар. Мындан улам таасир этиши мүмкүн. Экинчиден, коюлуп жаткан айыбы да 295-беренеге ылайык өтө оор болуп жатат. Анын жазасы 12 жылдан 20 жылга чейин каралган. Ошол учурда бийлик басып алуу аракети болуп жатат. Ал аракеттин учурунда Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун, Талант Мамытовдун жардамчылары Ак үйдүн дарбазасынан секирип түшкөндө жанында тапанчалары болгон. Алар эмнеге мындай кылат? Эмне үчүн ошол күнү Садыр Жапаров машинесине 10 бронежилет, "Сайга" автоматын, тапанча салып жүрөт? Мына ушул суроолорду дыкаат иликтөө зарыл.
3-октябрда борбордук аянтта Кумтөр алтын кенин мамлекеттин карамагына алуу боюнча өткөрүлгөн митингден кийин тополоң чыгып, депутат Камчыбек Ташиев баштаган бир канча адам Ак үйгө кирип барууга аракет жасаган.
Андан кийин митингди уюштурган “Ата Журт” партиясынын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген беренелердин негизинде камакка алынган. (BkA)