Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун бош турган 9 судьялык орун үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кеңештин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам боюнча Жогорку Соттун 35 судьясы дайындалыш керек. Буга чейин сот тандоо кеңеши иргеген 32 талапкерден президент 25ин жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаган. Ал эми 7 талапкерди сот тандоо кеңешине кайтарган. Бирок Сотторду тандоо кеңеши 1 талапкер боюнча президенттин каршы пикирине макул болбой, кайрадан сунуштады.
Натыйжада учурда Жогорку Соттун 9 судьясынын орду бош турат. Мына ушул орундар үчүн сынак жарыяланууда. Жолдубаеванын айтымында, судьялык орун үчүн талапкерлерден арыздар 31-октябрга чейин кабыл алынат.
Жогорку Соттун судьяларын тандоо үч турда өтөт. Сынактын биринчи турунда талапкерлердин документтери каралат, экинчисинде аңгемелешүү болот, үчүнчү турга өткөн талапкерлер добуш берүү менен тандалат.