Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Ливияда Каддафи режиминин кулатышынын бир жылдыгы белгиленүүдө


Ливиялыктар Муаммар Каддафининин диктатурасынын кулатылышынын бир жылдыгын белгилеп жатышат.

8 айлык жарандык согуштун натыйжасында өткөн жылдын 20-октябрында Муаммар Каддафи өлтүрүлүп, козголоңчулар 23-октябрды боштондук күнү катары жарыялашкан.

Анткен менен өлкөдөгү абал дале болсо турукташа элек. Маал-маалы менен согушчандар, Каддафинин тарапкерлери каршылык көрсөтүп жатышат. Өкмөт болсо абалды көзмөлгө алуу аракетин көрүүдө. Маселен, Боштондук күнүн ыңкылаптын очогу болгон Бенгази шаары демонстрация менен тосуп алды. Анда жүздөгөн демонстранттар Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабындагы порттор жайгашкан бул шаарды Ливиянын экономикалык борбору катары таануусун талап кылып чыгышты.

 

XS
SM
MD
LG