Apple компаниясы шейшемби кечинде жаңы iPad планшетин коомчулук назарына сунуштады. Бул планшеттин жаңы түрү Amazon жана Google фирмалары өндүргөн планшеттерге атаандаш болмокчу.
Жаңы iPad'дин экраны 20 сантиметрди түзүп, мурдагы моделдерге караганда 4 сантиметрге кичирээк жасалды. Баштапкы баасы 329 доллар деп мерчемделүүдө.
Калифорния штатынын Сан-Хосе шаарындагы салтанатта жаңы iPad'ди Apple'дин маркетинг боюнча жетекчиси Фил Шиллер тартуулады. Эми жаңы iPad жакынкы апталарда сатыкка чыга баштайт.