Бүгүн Бишкек шаардык соту коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин баш коргоо чарасын карап, аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Азиз Турдалиев кабарлады.
Кожоналиев 3-октябрда Бишкекте өткөн Кумтөр маселесине арналган митингде бийликти басып алууга аракет жасады делип, тергөө абагына камалган. Ал 19-октябрда ден соолугу начарлап, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Адвокаттын айтымында, азыр Кожоналиевдин ден соолугу орто, кан басымы туруктуу болбой жатат. (КЕ)